Акылбек Жапаров: окуучуларга 4 тилди үйрөтүүгө басым жасашыбыз керек

Минкаб төрагасы кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринин маанилүүлүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Окуучуларга 4 тилди үйрөтүүгө катуу басым жасашыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында билдирди.
Анда минкаб төрагасы кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргыз тили сөзсүз түрдө болуш керек, орус тили бизге Европа цивилизациясын ачкан, илим менен билимде ачылыштардын 92 пайызы англис тилинде болуп жатат. Экономикасы күчтүү Кытай кошунабыздын тилин, үрп-адат, каада-салттарын билип алсак, алар менен иштегенге бир топ жеңилдиктер болуп жатат", — деди өкмөт башчы.
Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербей турганын, ошол себептен кыска убакыттын ичинде мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча план түзүүнү тапшырган.
"Бизге билим берүү тармагында кескин өзгөрүүлөр керек. Ар бир окуучунун потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Мектеп жана мамлекеттин милдети — ар бир окуучуга жол таап, ага ордун табуу үчүн бардык зарыл болгон ресурстарды берүү", — деген ал.
Коллегиянын жыйынтыгында жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге да бир катар тапшырмалар берилген.
Министрлик ЖРТга кыргыз тили боюнча тесттин киргизилген себебин түшүндүрдү