Радио

Керимбаева: быйыл да 8 инновациялык демилге бюджеттен каржыланат

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева "40 райондон 40 демилге" долбооруна өтүнмөлөрдү кабыл алуу жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Долбоордун максаты — экономиканы, илим-билимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду жана стартаптарды шыктандыруу, илгерилетүү болуп саналат. Бул тууралуу Рахат Керимбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, инновацияларды өнүктүрүү багыты боюнча Кыргызпатент 2022-жылдан бери "40 райондон 40 демилге" долбоорун ишке ашырып келет.
"2022-жылы жалпысынан 98 өтүнмө келип түшүп, тандоонун этаптарынан ийгиликтүү өткөн сегиз инновациялык демилге бүгүнкү күндө Кыргызпатент тарабынан толук каржыланып, жеңүүчүлөр сатып алган жабдуулары менен толук иштеп жатышат. Ал эми 2023-жылдагы тандоодо 245 өтүнмө келип түшүп, мыкты деп табылган төрт инновациялык демилге жана төрт стартап колдоого алынды. Жыл сайын бизге кайрылган жаратмандардын саны арбып баратат. Эл арасында таланттуу, шыктуу адамдар көп экенине ишенем. Андыктан эгерде сизде жаңы инновациялык демилге же стартап болсо, бирок аны ишке ашырууга билимиңиз, каражатыңыз жетишпей жатса, анда "40 райондон 40 демилге" долбоорунун тандоосуна катышсаӊыз болот. Кыргызпатент инновациялык долбоорду 1 000 000 сомго чейин, ал эми стартаптарты 500 000 сомго чейин каржылап берет. Ал үчүн долбоор жаңылык болушу керек. Ошондой эле экономикалык жана социалдык маанилүүлүгү, ишке ашуусу, натыйжалуулугу, экологиялык коопсуздугу да каралат. Тандоого катышуу үчүн өтүнмөнүн формасын толтуруп Кыргызпатентке 2024-жылдын 30-апрелине чейин берүү зарыл. Тандоонун жалпы мөөнөтү 5 айга созулуп, үч этап менен өткөрүлөт. Алгач комиссия тарабынан алдын ала тандоо жүргүзүлөт. Андан соӊ акысыз акселерациялык программа уюштурулат. Жыйынтыгында көз карандысыз тармактык эксперттер тарабынан долбоор бааланат. Ошондой эле комиссиянын алдында жаратмандар өз долбоорлорунун бет ачарын жасашы талапка ылайык", — деди Керимбаева.
Ал быйыл да 8 инновациялык демилге бюджеттен каржыланарын кошумчалады.