БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталганы айтылат.
“Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат”, — деп жазылган маалыматта.
Мамлекеттик программада комплекстүү иш-чаралар каралган. Анын ичинде аялдарды кадрлар резервине киргизүүгө көмөктөшүү, жетекчилик кызматтарга умтулган аялдар үчүн окутуу жана кесиптик жактан өсүүсүн камсыз кылуу, кызматтарга талапкерлерди даярдоо системасын иштеп чыгуу жана дайындалгандан кийин квалификациясын жогорулатуу каралган.
Мамлекеттик программа Кыргызстандагы аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук турмуштагы ролун бекемдөөгө басым жасаары белгиленди.