Крематорийлердин курулушун коомчулук чочулоо менен кабыл алып жатканы туура эмес. Алар курулса эле маркумдарды өрттөп калабыз деп түшүнбөш керек. Мында биринчиден биологиялык калдыктар өрттөлөт. Бул тууралуу Болот Калмуратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадан эле жылына үч тоннага чукул биологиялык калдык чыгат.
"Мыйзамга Бишкек жана Ош шаарларына крематорий куруу зарыл деген бөлүгүн коомчулук чочулоо менен кабыл алууда. Дүрбөлөң түшүүнүн эч кажети жок. Өлкөбүздөгү салттуу диндерди тутунгандар өз ишенимине ылайык жөрөлгөлөрдү сактап эле сөөк узата беришет. Крематорийлердин курулушунун негизги максаты — пайда болгон биологиялык калдыктарды өрттөп жок кылуу. Бул биринчи кезекте жашоочулардын саламаттыгына коркунуч жаратуучу түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алат. Жылына бир эле Бишкек шаарынан үч тоннага жакын биологиялык калдык көмүлөт, негизи аларды өрттөө керек. Экинчиден, бизде каза болгон айрым чет элдиктерди өз өлкөсү сөөгүн кайрып албайт. Алар өрттөлүп, күлү салынган кутучасын сурашат. Биз эл аралык мыйзамдардын чегинде алардын талабын аткарышыбыз керек. Кыргызстанда крематорий жок болгондуктан Москва же Новосибирск шаарларына жүктөп барып, өрттөп, күлүн алып келүүгө 5-6 миң доллар кетет. Мындан тышкары, бир эле борбор калаадан жылына 800-1000дей аты-жөнү белгисиз адамдар жерге берилет. Алардын кимдиги такталбаган соң эмне оорусу бар экенин да билбейбиз. Ошону менен катар эле жугуштуу кургак учук менен ооруп каза болгон абактагылардын 95 пайыздан ашыгынын жакындары сөөгүн албайт, аларды түрмө өзү жерге берет. Ал эми туберкулезду чакырган кох таякчасы 100 жыл жашайт экен. Ал илдет менен ооруган киши көмүлгөн жерден ошол айланада жүргөндөргө жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт", — деди Калмуратов.
Ал кабыл алынган мыйзамдын алкагында маркумдун көрүстөнүн да республика боюнча бир типке келтирген эреже киргизилиши зарылдыгын кошумчалады.