БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызмат учурунда көз жумган офицерлердин апаларын, аялдарын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктады.
ЖКККББнын маалымат кызматы жарыялаган видеодон офицерлердин апаларынын, келинчектеринин толкунданып, көзгө жаш алганын көрүүгө болот.
Жеңишбек Жоробеков аларга Мээримдүү эне, Офицердин аялы медалдарын, белек-бечкегин тапшырган.