Пресс-борбор

Экономист Кыргызстандан Казакстанды айланып өткөн жол боюнча оюн айтты

Кыргызстан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизин бойлой) Россиянын Астрахань портуна баруучу альтернативдүү жол боюнча иш жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы (Казакстанды айланып өтүүчү) альтернативдүү транспорттук каттам атаандаштык катары каралбашы керек. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору Акимжан Арупов (Казакстан) билдирди.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Борбор Азиянын транспорт коридорлорунун геосаясаты азыркы этапта" аттуу видеоконференция өттү. Катышуучулар Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизи аркылуу) Россиянын Астрахань портуна чейин пландалган альтернативалуу жолду эске салышты.
"Бул жерде Кыргызстандын мисалында альтернативдүү транспорт жолдору айтылды. Мен алардын атаандаш катары кабыл алынышын каалабайт элем. Кыргызстандын айрым аймактары үчүн бул экономикалык жактан өнүгүүгө жакшы стимул экенин түшүнөбүз", — деди Арупов.
Анын айтымында, мындай каттамдарды башкалар менен атаандашуу эмес, аларды толуктоо катары карасак өз ара түшүнүшүү жакшырат.
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат