Радио

Эксперт: майыптыгы бар адамдар эмгек рыногуна аралашпай калууда

Эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачалов майыптыгы бар адамдарды жумушка алуу көйгөйү тууралуу айтты.
Sputnik
Кыргызстанда жумуш берүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка алуудан качышат. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам боюнча, иш берүүчү калктын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын жумушка орношуусуна көмөктөшүүгө тийиш.
"Эгер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз эмгек рыногуна 5 пайыздык квота аркылуу толук кире турган болсо, сөзсүз өлкөгө пайдасы тиет. Себеби алар коомго аралашып, башка жарандар менен биргеликте өнүгүп-өсүп, мамлекеттин социалдык жактан чыңалуусун азайтат. Конституцияда майыптыгы бар жарандардын эмгек укуктары сакталат деген норма бар. 2008-жылы кабыл алынган "Майыптардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу" мыйзам боюнча, I, II, III топтогу майыптуулугу бар жарандар өзүнчө категория менен бөлүнөт. Медициналык-социалдык эксперттик комиссия аркылуу майыптуулугу аныкталат. Ал эми 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар "майып бала" категориясына киргизилген. Мыйзамда иш берүүчү калктын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын жумушка орношуусуна көмөктөшүүгө тийиш деп бекитилген. Жогоруда айтылган 5 пайыздык квота боюнча көп талкуулар болуп жүрөт. Бул иш берүүчүлөрдү чочутат. Себеби пандус коюу, ажаткана маселеси өңдүү инфраструктура түзүү жаатында көп маселелер бар. Мунун ишке ашырылуусун Мамлекеттик эмгек инспекциясы көзөмөлдөйт. Бирок шарт түзүүнү жүзөгө ашыруу жеке жумуш берүүчүнүн мойнуна жүктөлүп калат. Ошол себептен фирмалар 0,5 ставка менен майыптыгы бар жаранды жумушка алып, формалдуу түрдө маяна берип абалдан чыгууда", — деди Карачалов.
Ал учурда майыптуулугу бар адамдардын ишке орношуу маселесин коомдук уюмдар да көп көтөрүп жатышканын кошумчалады.