Бишкекте Түркиянын, Анкарада Кыргызстандын маданий борбору түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 7 мар — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы "Эки өлкөдө маданий борборлорду түзүү жана иштетүү" жөнүндөгү келишимди ратификациялоо" тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 7-февралында кабыл алынган.
Ага ылайык, Бишкекте Түркиянын маданий борбору түзүлсө, Анкарада да Кыргызстандын ушундай борбору түзүлөт.
Борборлордун иши маданиятты, илимди, билимди өнүктүрүүгө, чет жердеги мекендештерге колдоо көрсөтүүгө, алардын эне тилин жана улуттук маданиятын сактоого багытталат.
Акылбек Жапаров Кытайдагы Кызыл-Сууга барды. Кыргыз жыттанган керемет сүрөттөр