Бишкекте жарык атайын өчүрүлө баштады. Жакынкы күндөрдүн графиги

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-марттан кийин жарыкты атайын өчүрүү токтой турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 5-марттан тарта электр энергиясын өчүрүү иштери башталды.
Жарык берүүнүн үзгүлтүккө учурашына Токтогул менен Үч-Коргон ГЭСтериндеги агрегаттардын оңдолуп жатышы себеп болууда.
Жакынкы күндөрү борбор калаанын кайсы көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөрүн Телеграмдагы сүрөттөрдөн көрүңүз.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-марттан кийин жарыкты атайын өчүрүү токтой турганын билдирген. Анын айтымында, кийинки жумадан тарта күн 15-16 градус жылый баштайт, демек, мында керектөө азайып, чектөө киргизилбей калат.
Пресс-борбор
Энергетика министри эмнеге ГЭСтин агрегаты азыр токтотулганын түшүндүрдү