БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы Түркиядагы эл аралык Yasar Dogu&Vehbe Emre турниринде алтын медаль утту.
Балбанды сыйлоо аземинин учуру менен Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бөлүштү.
Антальядагы мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин өтөт. Ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн 30дан ашуун балбан жиберилген.