Пресс-борбор

Астрахань порту альтернативдүү жол менен Кыргызстандан жүк кабыл алууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Астрахань порту оор жүк ташуучу унааларды ташыган паромдорду, анын ичинде Кыргызстандан келген жүктөрдү да кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Светлана Антонова Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда билдирди.
Ал Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизи боюнча) Россиянын Астрахань портуна кеткен альтернативдүү жолду эске салды. Антонова түркмөн тарап бул каттамды колдонуу боюнча жобону бекитет деген үмүтүн билдирип, Өзбекстан эбак даяр экенин белгиледи.
"Астрахань порту жүк ташуучу унаалар жүктөлгөн паромдорду кабыл алууга даяр. Кыргызстандын жүк ташуучулары бул альтернативдик коридорду жигердүү пайдаланат деп ишенем", — деди консультант.
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат