8-мартка карата аба ырайы

8-мартка республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас жеринде +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын чөлкөмүндө -4…+1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12…+14, Ош шаарларында +13…+15 градуска жетет.
Күн качан жылыйт? Алдыдагы аптага карата аба ырайы