БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-марттан кийин жарыкты атайын өчүрүү токтой турганын билдирди.
Анын айтымында, кийинки жумадан тарта күн 15-16 градус жылый баштайт, демек, мында керектөө азайып, чектөө киргизилбей калат.
"Кудай буюрса, күн жылып кетсе электр энергиясын жөнгө салуу чаралары өзүнөн өзү токтойт. Бүгүнкү күндө ички керектөө 67 млн. киловатт-сааттын тегерегинде болуп жатат", — деди министр.
Ал 5-марттан тарта атайын өчүрүү башталганын эскертти. Анда депутат Дастан Бекешев элди кабардар кылуу үчүн өчүрүүнүн графигин соцтармакка да жарыялоону талап кылды.