Радио

Аскаров: простатит оорусуна жаш балдар да чалдыгууда

Республикалык урология илим-изилдөө борборунун дарыгери, уролог-андролог Жыргал Аскаров акыркы кезде эркектер арасында простатит оорусу абдан көп кездешип, оору жашарып жатканын билдирди.
Sputnik
Учурда кыргызстандык урологдор кесипкөйлүгү жагынан Борбор Азияда алдыда. Жабдыктар да жетиштүү. Бул тууралуу Жыргал Аскаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурда простатит менен 40 жаштан өткөн эркектер ооруса, азыр 15 жаштагы балдар да кабылууда.
"Урология бөйрөктүн, заара бөлүп чыгаруучу органдардын, табарсыктын, ошол эле жыныстык бездин иштешине жооп берет. Биз аялдарды да карайбыз. Мурда простатит менен 40 жаштан өткөн эркектер ооруса, азыр 15 жаштан өткөн балдар да келишүүдө. Простатит — бул эркектин жыныс безинин суукка кабылышы болуп эсептелет. Ал суук тийгенден, курч вирустук ооруларды жугузуп алгандан, иммунитет түшүп кеткенден же бир орундан кыймылдабай иштегенден болот. Простатит тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан аял менен кошулганда алсыздык, заара чыгарууда да көйгөйлөр жаралат. Бөйрөк ооруганда заарасы кан аралаш да чыгышы мүмкүн. Азыр мурункуга салыштырмалуу жакшы жабдыктар, аппараттар келип калды. Борбор Азияда кыргызстандык урологдордун деңгээли абдан жакшы. Дүйнөдө жасалган операциялардын баары бизде да жасалат, урологиялык оорулардын түрүн дарылоого кадрлардын дарамети жетет", — деди Аскаров.
Ал көп бейтаптар бөйрөктүн ташы боюнча кайрылбай жүрө берип, гемодиализге түшүп каларын кошумчалады.