Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Мамдепартаменти: Украинанын жеңишке жеткирчү планы болушу керек

Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШ Украинанын Россияны согуш талаасында жеңүү үчүн атайын даярдаган планы бар деп эсептеп, жыйынтыгын күтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бир нече сюрприз даярдалган болушу керек, жыйынтыгын көрө турган күндү күтүп жатабыз", — деген ал брифинг маалында.
Миллердин айтымында, Украинанын планы "аны согуш талаасында жеңишке жеткирет".
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан басмырлоого, геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан болчу. Өлкө башчынын билдиргенине караганда, атайын операция — бул аргасыздан жасалган кадам, "коопсуздук жаатындагы түзүлгөн тобокелдиктер Россияга башкача аракет көрүүгө эч мүмкүнчүлүк калтырган жок". Путин Россия 30 жылдан бери НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу сүйлөшүүгө аракет кылып, бирок куру убадага, калп сөзгө алданып келгенин, ал арада Москванын каршылыгына карабай альянс өз чегин кеңейтип, Россиянын чек арасына жакындап жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Украинанын азыркы бийлиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес