БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга шектелип, криптовалюта алмаштыргандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөрдүн жанынан бир нече банк картасы, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү мефедрон баңгизаты табылган.
"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөндөр криптовалюта алмаштыргандар менен иштей турганы аныкталып, ортомчулук кылган беш киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.