Мэрия түндө иштеген "тазалыкчыларга" атайын жабдуу сатып берди. Видео

Бишкектин көчөлөрүн 600дөн ашык жумушчу тазалайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын түнкүсүн иштеген жумушчуларына "мигалка" бериле баштады. Бул тууралуу ишкананын башчысы Рамиз Алиев билдирди.
Мындай чара коммуналдык кызматтын жумушчуларынын коопсуздугу үчүн жасалган. Себеби түнкүсүн же таңга маал иштеп жаткан жумушчуларды айдоочулар байкабастан уруп кеткен учурлар көп катталат. Өчүп-күйүп белги берген мындай түзүлүштөр калаа мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен сатып алынган.
"Тазалык" ишканасында жалпысынан 670 киши иштейт, алардын көбү түнкүсүн шаардын көчөлөрүн шыпырат.
Канализациядан куртка чыгып... "Бишкек суу каналдын" эскертүүсү