Сириустагы фестиваль саясат эмес, искусство менен экологияны да камтыды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сириуста Африканын, Азиянын жана Түштүк Африканын жаштары эл аралык ири форумдагы экологиялык жактан агартуучу иш-чараларга катышты.
Бул жаатта чыгармачылыкка жакын жаштарды "Жашыл фургон" деп аталган велошредер жакындатып, талкуу жүргүзүүдө анын ролу өзгөчө болду. Россиянын экология боюнча операторлорунун бул түзүмүн кеминде 5000ге чукул жергиликтүүлөр жана чет элдиктер пайдаланып көрдү.
Ошентип искусство менен экология саясатка аралашпай өзүнчө орун алды. Чектелип калган циклдин экономикасын Россия эл аралык өнөктөштөр менен курмакчы. Андыктан жоопкерчилиги зор болгон керектөө жаатындагы идеялар сырттан да пикирлештер менен биргеликте кеңири жайылтылат.
Чет элдик эл аралык коноктордун арасындагы чыгармачыл дүйнөнүн өкүлдөрү экология маселесине кош көңүл эместигин көрсөтүштү. Маселен, марокколук скульптор Медерик Тюрей "Сууну сактоонун дүйнөлүк тотеми" деп аталган эмгегин фестивалдын катышуучуларына тартуулады.
1-мартта Россияда Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталган. Ал Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда. Буга дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты. Жаштар — спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү.
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышууда. Иш-чара ар кыл өлкөлөрдөн келгендер үчүн маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп бермекчи.
Кыргызстандык кыз Жаштардын дүйнөлүк фестивалындагы эмоциясы менен бөлүштү