БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров электр жарыгына болгон чектөөлөр боюнча "Кабар" агенттигине маек берди.
Президент 30 жылда өлкөдө бир дагы кошумча ГЭС курулбаганын, элдин саны эки эсе өскөнүн айтып, азыркы жасалып жаткан иштер келерки күз-кыш мезгилдерине даярдык экенин түшүндүрдү.
"Токтогул ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жараксыз абалга кептелген. Буга байланыштуу аны реконструкциялоо үчүн токтоттук. Үч-Коргон ГЭСи да 1962-жылдан бери оңдоло элек экен. Электр жарыгы өчүрүлө турган болсо соцтармак, ЖМК аркылуу убактылары айтылат. Азыр мен деле эптеп президенттик убактымды өткөрүп, "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" деп жатып алсам болот эле. Бирок абийирим жол бербеди. Элге жаман көрүнсөм мейли, бирок баарын иретке келтирип кетейин деп бел байладым", — деген Жапаров.
Ал кышкысын Кыргызстан 3 миллиард кВт-саат электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттоп жатканын айтып, келечекте электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу бийликтин башкы максаты экенин белгилеген.
Эске салсак, Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экени айтылган. Өлкөнүн бардык аймактарында жана шаарларында маал-маалы менен жарык өчүрүлүүдө.