Путин: Россияда дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык

РФ лидери дүйнөдө өйдөсүнүүгө, теңсинбөөгө орун жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын Сириус федералдык аймагында дүйнө жаштарынын шаарын түзүүгө жетиштик. Бул тууралуу Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жабылуу салтанатында сүйлөп жатып билдирди.
Эскерте кетсек, масштабдуу иш-чара аталган аймакта 1-мартта башталган.

"Сиздердин келишиңиздер менен дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык. Бири-бирибизге окшобогонубуз менен баарыбызды бириктирип турган бир нерсе бар. Россияда бул салттуу баалуулук деп аталат. Биринчи кезекте ал биздин жашообуздун, тирүүлүгүбүздүн фундаменти. Биз баарыбыз адамбыз, баарыбыз теңбиз. Демек, дүйнөдө өйдөсүнүүгө, теңсинбөөгө орун жок. Бирок өнүгүү шартыбыз бирдейби? Тилекке каршы, жок. Бул бүгүнкү күндүн эң башкы акыйкатсыздыгы", — деди Путин.

Өлкө башчы адамдардын баары бирдей шартта өнүгүүсүнө, жакындарына, жалпы адамзатка жардам берүүсүнө умтулуу керектигин белгилеген.
"Дал ушундай күйүмдүүлүк дүйнөнү турукташтырып, коопсуз кылып, тең салмакта кармап турат", — деди Путин.
Эскерте кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстандан 231 киши барды.
Сириустагы фестиваль саясат эмес, искусство менен экологияны да камтыды