Россияда импорттук шараптын сатылуу көлөмүнүн өсүшү. Инфографика

РФтин дүкөндөрүндө Россия өндүрүшүнөн чыккан шараптар турушу лаазым жана ошол жердеги аталган түрдөгү продукциялардын 20 пайыздан кем эмес бөлүгүн түзүшү шарт. Кийинчерээк бул квота 50 пайызга көбөйүшү керек.
Sputnik
Россиянын шарап өндүрүүчүлөр жана шарапчылар ассоциациясы Мамлекеттик Думага кайрылып, жогорудагыдай сунуш киргизген.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналынын маалыматына караганда, ассоциация кафелерге да квота коюуну сунуштаган. Анда шарап картасында "2024-жылдын 1-сентябрынан тарта бул ичимдиктин (кадимки шарап, газдалганы жана күчтүүлөрү) 50 пайыздан кем эмеси Россияда өндүрүлгөн болушу зарыл" жана башталышында эле көрсөтүлүшү, сунушталышы шарт экени айтылган.
Өткөн 2023-жылы Россиядагы шарап рыногунда импорттун көлөмү 48 пайызды, ал эми мурдагы жылы 44 пайызды түзгөн.
Лавров: мен "Кыргыз вискиге" артыкчылык берем