РКӨФ Бишкек шаарындагы медициналык борбордун курулушун каржылайт

Медборбордо операциялар жасалып, бейтаптар реабилитациянын толук курсунан өтө алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкекте көп профилдүү заманбап медициналык борбордун курулушуна каражат бөлөт. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы билдирди.
Фонддун колдоосу менен заманбап жогорку технологиялык инфраструктура түзүлүп жатканы белгиленди.
"Ортопедия жана нейрохирургия боюнча адистешкен медициналык борбор 60 орунга ылайыкташкан. Ал жерде операциялар жасалып, бейтаптар реабилитациянын толук курсунан өтө алышат. Калктын социалдык жактан аялуу катмарына кызмат көрсөтүүлөр өзүнчө квота боюнча көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Артем Новиков белгилегендей, бул фонддун саламаттыкты сактоо тармагындагы онунчу долбоору.
"Буга чейин бул жаатта Кыргызстандын ар кайсы аймактарында фонд жалпы суммасы 16 миллион доллардан ашык долбоорлорду каржылаган", — деди Новиков.
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБге медициналык билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары керек