Министр: катуу суукта Өзбекстан менен Казакстан электр энергиясын берген жок

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Февралдагы катуу суукта Өзбекстан менен Казакстан электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөлөр өздөрүндө тартыш болуп жатканын жүйө келтирип 10 күн электр кубатын бербей койгон.
"Катуу суукта кечкисин токтотуп, күндүзү гана берип жатышты. Бирок бизде келишим бар. Май айына чейин аны толук көлөмдө аткарат. Ошонун негизинде бизден суу алат. Азыр күнүгө кат жазып, силер бербеген убакта суу көп кетип жатат, ошон үчүн электр энергиясын бергиле деп айтып жатабыз", — деди Ибраев.
Белгилей кетсек, Кыргызстан электр энергиясын Россия, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан импорттойт.
Эл эмес, министр өзү чыдасын! Депутат Сурабалдиева энергетика министрин зекиди