Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Үй-бүлө кодексинин долбоорун иштеп чыкты.
Ага ылайык, келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш. Анда жубайлардын жашоо тартиби, анын ичинде ажырашкандан кийинки укуктары жана милдеттери камтылат. Ошондой эле мүлктү кандай бөлүшөрү макулдашылат.
Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Милдеттемеден качса жубайлардын бири сотко кайрылууга укуктуу.
Долбоордо бул норма баарына милдеттүү болор-болбосу так көрсөтүлгөн эмес. Документтин маалыматтык негиздемесинде 2023-жылы 45 495 жубай баш кошуп, 12 552си ажырашканы белгиленген.
Министрлик үй-бүлө курам дегендерге бир катар шарттарды коюуда. Тизме