Москва райондук сотунун судьясы кайсы берене боюнча кармалган? Чоо-жайы

Судья камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. УКМК Москва райондук сотунун судьясы кайсы берене боюнча кармалганын түшүндүрдү.
Билдирмеге караганда, Башкы прокуратура райондук соттун Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K. аттуу төрт судьясына карата 337-берене ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 342-берене ("Пара алуу"), 343-берене ("Пара талап кылуу") боюнча үч кылмыш ишин козгогон. Маалым болгондой, алар туруктуу коррупциялык схема уюштурган.
"Б.Т.К. аттуу судья бири 5-мартта сот аппаратында иштеген К.А.Д. аттуу кызматкер аркылуу 1 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам өз үлүшүн алып турган. Судья камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган райондук соттун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды. Тергөө уланууда.
ЕАЭБ соту кандай иштерди карап, кимди "соттойт"? Судьялар менен маек