БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ишканасынан кабарлашты.
Маалым болгондой, мындай чектөөлөр Токтогул ГЭСинин №1 агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого байланыштуу.
"Учурда Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Оңдоо иштеринен улам электр станцияларынын учурдагы кубаттуулугу 290 мегаваттка азаят. Мындай кырдаалда электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, аны колдонууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде жарыкка эң көп жүктөм болгон учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.
Энергетика министрлиги жана "Улуттук электр тармагы" ишканасы керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу колдонуп, жарыкты көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта, өзгөчө кечинде жана эртең менен күйгүзбөөгө чакырат.
"Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо" долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланары кошумчаланды. Анын бюджети 100 миллион долларды түзөт. Ишкана жаз келип, күн жылыры менен электр тармактары ишканаларында оңдоо иштери башталарын, жарык өчүрүлө турган болсо элге маалымат берилип турарын эскертти.