КРСУ менен "Жер-Үй" кызматташуу боюнча меморандум түзүштү. Пайдасы

Студенттер үчүн өндүрүштүк жана дипломго чейинки практика да каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети менен "Альянс Алтын" алтын өндүрүүчү компаниясы (Жер-Үй кенин иштетүүчү) кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ал билим, илим жана практиканын интеграциясын бекемдөөгө багытталганын окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Кыргыз-Россия Славян университети менен "Альянс Алтын" алтын өндүрүүчү компаниясы (Жер-Үй кенин иштетүүчү) кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

2 / 3

Ал билим, илим жана практиканын интеграциясын бекемдөөгө багытталганын окуу жайдын маалымат кызматы билдирди

3 / 3

Кол коюу аземинде Россиянын билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский документ өз ара пайдалуу кызматташуунун принциптерине негизделгенин жана билим берүү, илимий изилдөөлөр, инновациялар тармагында биргелешип өнүгүүгө багытталганын белгиледи

Кол коюу аземинде Россиянын билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский документ өз ара пайдалуу кызматташуунун принциптерине негизделгенин жана билим берүү, илимий изилдөөлөр, инновациялар тармагында биргелешип өнүгүүгө багытталганын белгиледи.
"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстандын улуттук экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо турган гуманитардык долбоорлорго, анын ичинде адистерди даярдоого жана аларды ишке орноштурууга өзгөчө көңүл бурат", — деди Могилевский.
Россия президентинин администрациясынын Чет өлкөлүк мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыш түзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Антон Рыбаков КРСУ масштабдуу кайра уюштурууга муктаж болгонун эске салды.
"Бүгүн анын жемишин көрүп жатабыз. Университет жаңы инфраструктурага ээ болот. Бүгүнкү күндө жаңы кампус куруу маселеси турат. Өнөр жай өнөктөштөрү менен кызматташуу — университеттин ишинин ажырагыс бөлүгү", — деди Рыбаков.
КРСУнун ректору Денис Фомин-Ниловдун айтымында, кызматташтыктын алкагында биргелешкен лабораторияларды ачуу, мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү жана компаниянын финансылык, уюштуруучулук ресурстарын колдонуп студенттерди университетке максаттуу кабыл алуу пландаштырылууда. Студенттер үчүн өндүрүштүк жана дипломго чейинки практика да каралган.
Кызматташтык технологиялык процесстерди өркүндөтүү боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштерин да камтыйт. Компания таланттуу абитуриенттерди кийин ишке орноштуруу менен максаттуу окутууну камсыздайт. Бул нерсе жаштардын университетке тапшыруусуна жана билим алуусуна түрткү бермекчи.
"Альянс Алтын" компаниясынын кызматкерлери КРСУда окуп, кесиптик окуудан өтүп квалификациясын жогорулатышат. Ал эми ЖОЖдун студенттери Жер-Үйгө барып практикадан өтө алышат. Бүтүрүүчүлөр болсо өндүрүштүк тармакта такшалышат", — деди "Альянс Алтындын" жетекчиси Сабир Рахматов.
Соңунда тараптар туруктуу өнүгүүнү жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу, ошондой эле социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөө ниетин билдиришти.
КРСУнун делегациясы индустриялык өнөктөшү болгон "Жер-Үйгө" барды