Кыргызстанда кытайлык компания менен "Почта Банкын" түзүү пландалууда

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен Кыргызстанда "Почта Банкын" түзүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен Кыргызстанда "Почта-Банкын" түзүү маселесин талкуулады

2 / 2

Январь айында "Кыргыз почтасы" менен бул ишкананын ортосунда биргелешкен инвестиция боюнча келишимге кол коюлган

Январь айында "Кыргыз почтасы" менен бул ишкананын ортосунда биргелешкен инвестиция боюнча келишимге кол коюлган.
"Почта Банкы" ачылгандан кийин "Кыргыз почтасынын" имараттары реконструкцияланат. Калкка жана ишкерлерге кызмат көрсөткөн социалдык-багыттагы көп функциялуу тейлөө борборлору түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.
Акылбек Жапаров Кытайдагы Кызыл-Сууга барды. Кыргыз жыттанган керемет сүрөттөр