Радио

Максутов: көк бөрүдө аттарды да камсыздандыруу боюнча иштер жүрүүдө

Көк бөрү федерациясынын биринчи вице-президенти Нурлан Максутов көк бөрү оюнунда улакчылардын, аттардын оор жаракат алуусун алдын алуу максатында эрежелер катаалдаганын айтты.
Sputnik
Улакчылар ден соолугун оюн маалындагы ар кандай кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыра баштады. Эми аттарды да камсыздандыруу иши жүрө турганын Нурлан Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көк бөрүдө аттар көбүрөөк жаракат алгандыктан камсыздандыруу иши өтө татаал болуп, учурда маселе чечилип жатат.
"Кыргызстандын улакчылары ден соолугун оюн маалындагы ар кандай кырсыктардан, жаракаттардан милдеттүү түрдө камсыздандыра баштады. Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары алгачкылардан болуп Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан полис сатып алышты. Эми бара-бара калган командалар да полис сатып алышы кажет. Анткени оюндан да спортчунун өмүрү маанилүү. Мындан тышкары, көк бөрүдөгү аттарды камсыздандыруу иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок оюнда аттар көбүрөөк жаракат алгандыктан камсыздандыруу иши өтө татаал болуп, учурда маселе чечилип жатат. Буга чейин болуп келген нааразычылыктарды эске алып, улакчылардын, аттардын оор жаракат алуусун алдын алуу максатында эрежелер да өзгөрүп жатат", — деди Максутов.
Ошондой эле адис көк бөрүчүлөрдүн маданиятын жогорулатуу, тартип маселеси да дыкат каралып жаткандыгын кошумчалады.