УКМК: Караколго АӨБ бөлгөн 1,5 млн. доллар тышка чыгарылып кеткен

Аткаминерлер АӨБдөн акча сурап, бирок акча которулуп жаткан банк банкрот болуу алдында турганын эске алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Караколдо Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан саркынды сууну тазалоочу жаңы жайдын курулушуна бөлүнгөн акча чет өлкөгө которулуп кеткенин УКМК билдирди.
1 / 4

Караколдо Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан саркынды сууну тазалоочу жаңы жайдын курулушуна бөлүнгөн акча чет өлкөгө которулуп кеткенин УКМК билдирди

2 / 4

Маалым болгондой, буга чейин АӨБ тарабынан Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментине 1 миллион 498 миң 200 доллар бөлүнгөн

3 / 4

Ишкананын кызматкерлери АӨБгө каражатты подрядчы компаниянын банкрот деп таануу стадиясында турган чет өлкөлүк банктагы эсебине которуу өтүнүчү менен кайрылышкан

4 / 4

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы Х.Ш.К. кармалды

Маалым болгондой, буга чейин АӨБ тарабынан Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментине 1 миллион 498 миң 200 доллар бөлүнгөн. Ишкананын кызматкерлери АӨБгө каражатты подрядчы компаниянын банкрот деп таануу стадиясында турган чет өлкөлүк банктагы эсебине которуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
"Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы Х.Ш.К. кармалды", — деди УКМК.
Москва райондук сотунун судьясы кармалды