Кара-Суу менен Баткенде шайлоо өткөрүүгө 24 млн. сомго чукул акча коротулат

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 миллион 934 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШК кечээ Жогорку Кеңешке жаңы депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекитти. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Аталган эки округда 223,5 миң шайлоочу бар. Добуш берүү күнү 28-апрелге белгиленген.
Буга чейин аталган бир мандаттуу округдардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев БШКга өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазып, мандатынан ажыратылган.
Искендер Матраимов — издөө жарыяланган бажычы Райым Матраимовдун бир тууган агасы. №9 Кара-Суу шайлоо округунан депутат болуп келген.
Нурлан Ражабалиев — мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Райым-миллиондун коррупция боюнча ишинде ал да айыпталып, мамлекетке 12 миллион сом төккөн. Бир мандаттуу №2 Баткен округунан шайланган.
Радио
БШК: аралаш шайлоо системасында бош мандатты алуу эрежелери эки башка