Министрлик: Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт

Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундуу төрөт бөлүмү да кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Чүй облустук бириктирилген ооруканасы №2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлүп, калаанын чыгыш бөлүгүн тейлейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 5-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселесин эмгек жамааты менен талкуулаган.
1 / 3

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы №2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлүп, калаанын чыгыш бөлүгүн тейлейт

2 / 3

Ага ылайык, 5-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселесин эмгек жамааты менен талкуулаган

3 / 3

Оорукана жетекчилиги министрге учурда бул медициналык жайда лор, көз, кардиология, хирургия, урология, травматология, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевт, неврология, гинекология, балдар бөлүмдөрү бар экенин айткан. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундуу төрөт бөлүмү да кирет.

"Министр тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатканын айтып, буга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында министрлик Чүй ооруканасынын "облустук" статусунан "№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына" өзгөртүү чечимин кабыл алганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Оорукана жетекчилиги министрге учурда бул медициналык жайда лор, көз, кардиология, хирургия, урология, травматология, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевт, неврология, гинекология, балдар бөлүмдөрү бар экенин айткан. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундуу төрөт бөлүмү да кирет.
"Ооруканада гинекология жана төрөт бөлүмдөрүн бириктирүү менен орундардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле балдар бөлүмүн тиешелүү түзүмгө өткөрүү маселеси каралышы шарт. Дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүп, тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу зарыл", — деп айтылат кабарда.
Бейшеналиев оорукана жетекчилигине медициналык жайдын мындан ары тез жардам ооруканасы катары толук кандуу иштеши үчүн министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тиешелүү адистери менен оорукананын статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу муктаждыктарды тез арада эсептеп чыгууну тапшырган.
Оорусаңыз алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. Эмне үчүн маанилүү?