Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Нарышкин: АКШ Россияга каршы атайын операцияларды даярдап жатат

Америка Украина жана башка мамлекеттердин аймагында, анын ичинде Россия менен чектешкен жерлерде кеңейтилген чалгын иштерин жасап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британия Россияга каршы атайын операцияны даярдоого катышып, күчтөрүн камдап жатат. Бул туурасында РИА Новости РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкинге таянып жазды.
"Америкалыктар, айрыкча британиялыктар биздин өлкөгө зыян келтирген иштерди жүргүзүү үчүн атайын операциялардын аскерлерин жана чалгынчыларды даярдоого катышты жана катышууда", — деген Нарышкин "Соловьев Live" үчүн атайын берген интервьюсунда.
Анын айтымына караганда, ведомствонун жетекчиси "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" газ куурларын англосакстар жардырды. Нарышкин Америка Украина жана башка мамлекеттердин аймагында, анын ичинде Россия менен чектешкен жерлерде кеңейтилген чалгын иштерин жасап жатканын белгилеген.
"Америкалык чалгын кызматы Украинанын атайын кызматынын адистерин даярдап, бир катарларын кайра даярдоого катышканы — турган факт", — деп кошумчалаган Нарышкан.
Февралдын соңунда New York Times газетасы АКШнын, Европанын, Украинанын азыркы жана мурдагы аткаминерлеринин айтканына таянып, соңку сегиз жылда ЦРУнун колдоосунда Вашингтон мурдагы Советтер Союзунун Россия менен чектешкен аймактарында жашыруун 12 объект түзгөнүн белгилеген. Украинанын Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов менен тыгыз кызматташканы, мындан сырткары, тыңчыларды машыктырып, алар россиялыктар көп жүргөн чет мамлекеттерде иштегендиктери айтылды.
Бул маалыматты ФСБ директору Александр Бортников да тастыктаган.
РФ Коргоо министрлиги өлкөгө кол салуу ыктымалдыгы тууралуу айтып берди