БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Стоматолог Елена Мартынова тиштеги кариести убагында тазалабаса кесепети кандай болорун түшүндүрдү. Дарыгердин кеп-кеңеши РИА Новостиге жарыяланган.
Адистин айтымында, курт жеген тиш түрдүү бактериялардын жайылышына өбөлгө түзөт.
"Эгер ал убагында тазаланбаса тиштин ткандарын бузуп, нервди сезгендирип, тамырдын айланасында кистанын пайда болушун шарттайт. Кариес тамак ооруну, отит, курч респиратордук инфекциялардын рецидивдерин козгойт. Бул бактериялар канга киргенде жүрөктүн жана муундардын ткандарында сезгенүүнү пайда кылышы ыктымал", — деген медик.
Мартынова курт жеген тиштерди жулдуруп салганда адам тамакты жакшы чайнай албай калып, жыйынтыгында ашказан, боорго күч келип, бул органдарда ар кандай дарттар пайда болорун кошумчалады. Дарыгер тишке убагында көңүл буруп, тазалатып турууга чакырган.