Сириус: америкалык делегациянын башчысы күтүүсүз билдирүү жасады

Сириуста Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Жаштардын дүйнөлүк фестивалы өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жаштардын дүйнөлүк фестивалына келген америкалык делегациянын жылуу кабыл алынышы Россия менен АКШнын касташуусу орус эмес, Америка жетекчилиги тарабынан жасалып жатканынан кабар берет. Делегация жетекчиси Калеб Мопиндин ушул жана эки тараптуу мамилелер боюнча айтканын РИА Новости жазды.
Ал АКШ менен Россиянын мамилесинин фонунда Россия америкалык делегаттарды салкын маанайда кабыл алышы ыктымал деп күтүшкөнүнө токтолгон. Бирок Сириуста Штаттан келген жаш конокторду ак дилден тосушуп, Мопин россиялыктар америкалыктарды көргөнүнө "кубанычта болгонун" белгиледи.
"Бул дагы бир жолу душмандашуу Россиядан эмес, Кошмо Штаттардан, Америка жетекчилигинен болгонун көрсөтүп турат. НАТО жана башка күчтөрдү колдонуу менен санкцияларды киргизүү, опузалоо менен Россияны өзүн жана жаңы республикаларды согуштук жол менен коргоого муктаж болгон кырдаалга түрткөнү байкалууда", — деген ал.
Анын пикиринде, Россия өкмөтү, россиялыктар Америка менен тынч мамиледе болуу ниетинде.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.
Иш-чарага 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Бишкек бул дүйнөлүк иш-чарага 200дөй адам жөнөткөн. Фестивалдын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана окутууларга катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Украинанын азыркы бийлиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес