РФ Коргоо министрлиги өлкөгө кол салуу ыктымалдыгы тууралуу айтып берди

Макаланын авторлору касташкан тарап авиацияны согушка маневрлуу жана күчтөрдүн көбүрөөк ыңгайлашкан түрү катары киргизерин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россияга каршы тез жасалган глобалдуу сокку урулуп, аны менен бир учурда эле жапырт ракеталык-аваиациялык чабуул менен аба-жер жана аба-деңиз операциялары башталышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости РФтин Коргоо министрлигинин "Военная мысль" журналына таянып жазды.
Макалада бүгүнкү күндө чет элдик адистер аскерлерден турган жаңы типтеги "Бириккен ыкчам түзүмдөрдү" (ООФ) түптөөнү карап жаткандыктары айтылган. Бул — административдик-саясий жана аскердик-өнөр жай инфраструктураларга жерден, абадан, деңизден, космостон жана маалыматтык жактан чабуулду тездик менен жасай турган ыкчам, чакан, көп тармактуу аскерлер тобу.
"ООФтун көбүрөөк күтүлгөн ыкмалары аба-жер (деңиз) операциялары болууда. Бирок аны менен катар эле бул абадан (2030-жылдары — аба-космос, андан ары космос-аба) чабуул койгон операцияларды баштайт, алар глобалдуу тез (көз ирмемдик) жана бир нече (эки-үчтөн беш-жетиге чейин) жапырт авиациялык-рекеталык сокку болот. Мындан сырткары, согушка тез арада аракетке келүүчү негизги аскердик топторго чейин авиация маневрлуу жана күчтөрдүн көбүрөөк ыңгайлашкан түрү катары кирет", — деп айтылган макалада.
Авторлор операциянын активдүү фазасы башталганга чейин душмандын ыкчам түзүмдөрү чагымчылык, демонстративдик, маалыматтык жана башка потенциалдуу агрессивдүү аракеттерди кыларын, муну алар кырдаалды көзөмөлдөп туруу максатында да жасай тургандыктарын жазды. Агрессор чалгындын, тыңчылыктын бардык түрлөрүн күчтөндүрүп, учактар менен пилотсуз аппараттарды, стратегиялык бомбалагычтарды маал-маалы менен мамлекеттин чек араларын бойлото кое берип турат. Буга кошумча, абадан чабуул коюучу топтор жана канаттуу рекеталарды ташып жүрүүчү кемелер колдонушулу мүмкүн.
"Военная мысль" муну менен катар тынчтык мезгилдеги душмандын бириккен күчтөрүнүн күжүрмөн жана сандык күчү согуш мезгилинде иштей турган курамдын 50-70 пайызын түзүшү мүмкүндүгүн билдирген.
"Ошентип, аталган факторлор согуштук жактан алганда Россиянын кооптуулук системасын кеңейтип, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча жаңы талаптарды пайда кылат. Бул жерде маанилүү ролду Аба-космостук күчтөр ойнойт", — деп айтылган макалада.
Журнал муну менен катар эле Аба-космостук күчтөр (АКК) согушта жалпы түзүмгө жаңы милдеттерди коерун белгиледи. Тагыраагы, АККны авиациялык жаңы жана модернизациялык комплекстер, куралдануу системасы менен камсыздоо талап кылынат. Башкаруунун автоматташтырылган келечектүү системаларын киргизүү, чалгын жактан камсыздоону өнүктүрүү жана башка дагы бир катар иштер турат. Авторлор, мындан сырткары, авиациялык күчтөрдү тынчтык заманда да, согуш мезгилинде да колдонууну уюштуруу боюнча жаңы мамилелерди, ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешкен.
Путин: Байдендин Россия НАТОго кол салат деген сөзү акылга сыйбайт