Карлсон: мыйзамсыз миграция АКШны Рим империясынын тагдырын кайталатат

Карлсон учурда АКШда мыйзамсыз кирген 7 миллионго чукул мигрант жашаарын жана мындай көрүнүш Байден башкарган учурга туш келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШ Рим империясынын жолу менен бара жатат, Вашингтон мыйзамсыз миграциядан улам жок болот деген америкалык журналист Такер Карлсондун пикирин "Известия" жазды.
"Рим кантип жок болду? Тарыхчылар муну 2 миң жылдан бери талкуулап келет. Эл анын себептеринин бири баарына белгилүү экенине кошулат. Рим армиясынын легиону ага чын дилинен берилбеген жана каршылыгын билдирип көтөрүлүшкө чыккан кишилерден турган", — деп айткан журналист сайтына жарыялаган видеосунда.
Такер АКШда өлкө жараны болбогон адамдардын армияда кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Карлсон учурда Кошмо Штаттардын аймагында мыйзамсыз кирген 7 миллионго чукул мигрант жашаарын жана мындай көрүнүш Байден башкарган учурга туш келгенин айтты. Журналист аталган жаатта эки мамлекеттин окшоштугун айтып, бул боюнча ойлонуп көрүүнү сунуштады.
Мындан мурдараак, 2-мартта, америкалык бизнесмен Илон Маск Байденди өлкөгө көзөмөлсүз агып кирип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымы жана курч турган маселе боюнча иш жүргүзөрүн айтып элди алдап жатат деп күнөөлөгөн. Ошол эле күнү АКШнын экс-президенти Дональд Трамп АКШдагы миграциялык кризиске Байден себепкер экенин, ал масштабы менен кесепетин сезбей жатканын белгилеген.
Трамп 29-февралда Fox News телеканалында мигранттардын артыкчылыктары согуштарга катышкан америкалык жарандарга салыштырмалуу алда канча көп экенин айткан. 20-февралда аталган телеканал Байдендин бийлиги учурунда АКШнын аймагына 7,2 миллион мыйзамсыз мигрант киргенин, бул 36 штаттын ар биринин жашоочуларынын санынан ашарын эскерткен.
Байдендин учурунда кирген мигранттарды топтой келгенде калкынын саны боюнча Нью-Йорктон кийинки бир шаарды түзмөктүгүн да белгилешкен.
Трамп 6-февралда алардын өлкөсүнө мыйзамсыз кирген мигранттардын саны Байдендин президенттик башкаруусунун соңуна чейин 19 миллион адамга чамалап, Нью-Йорк штатындагылардан ашарын айткан. Ал АКШга кирген мигранттардын басымдуу бөлүгүн "түрмөдөн, психиатриялык мекемелерден" чыгып келгендер жана "террорчулар" деген "каамыт" тагып койгон.
АКШнын Вашингтондогу федералдык бийлиги менен Техас штатынын администрациясынын ортосундагы чатак 12-январда Техастын Улуттук гвардиясы өлкөнүн Федералдык чек ара кызматына Мексика менен чектешкен жерлерге кирүүгө мүмкүнчүлүк бербей койгондо чыккан. Тагыраагы, алардын Игл-Пасстагы Шелби паркына киришине тыюу салынган. Ушул эле күнү америкалык ЖМКлар федералдык чек арачылардын Мексика чек арасындагы чатактан улам тишине чейин куралданган Техас гвардиячылары менен болгон тирешине түйшөлгөнүн жазып чыгышкан.
Кийинчерээк АКШнын Жогорку соту федералык бийликке Техас менен болгон чек арадагы тикенектүү зымдарды алууга уруксат берген чечим чыгарган. Эки күн өткөн соң Техастын губернатору Грег Эбботту 25 штаттагы кесиптештери колдоп чыккан. Алар өлкөнүн түштүк тарабын мыйзамсыз миграциядан коргоодон баш тартты деп Байденди күнөөлөшкөн. Эртеси штаттын вице-губернатору Дэн Патрик Техас гвардиясынын "жолун тоспой кетишин жана тоскоол болбошун" талап кылган.
Техас бийлиги мыйзамсыз кирген 102 миң мигрантты башка штатка чыгарды