Мамлекеттик тил комиссиясын Мелис Мураталиев жетектемей болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Каныбек Осмоналиев Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Мелис Мураталиев келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Каныбек Осмоналиев
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Белгилей кетсек, Осмоналиев бул кызматты 2022-жылдын май айынан бери башкарып келе жаткан.
Мелис Мураталиев коомчулукка кыргыз таануучу катары белгилүү. "Бакдөөлөт" коомдук фондун жетектейт.
Абитуриенттер ЖОЖго тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет