Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Аспеков 2021-жылы кармалып, кийин президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Бирок былтыр күздө кайра колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, ал "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттун өкүмүнө ылайык, активист жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Мелис Аспековду алгач УКМК 2021-жылы январда кармаган. Ал блогер Улан Жураев экөө "Кыргыз темир жолу" ишканасын Финпол аркылуу текшертебиз, жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз" деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Жураев үй камагына чыгарылып, сот Аспековду жети жылга эркинен ажыраткан.
Бирок 2023-жылдын 23-майында Аспековго президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Кийин ал сентябрда "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренеси менен кармалган.
Добуш сатып алууга айыпталган Дамира Ниязалиевага карата соттун чечими чыкты