Москва райондук сотунун судьясы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Москва райондук сотунун судьясы УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Соттор кеңеши маалыматты ырастап, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгенин кошумчалады. Азырынча судья кайсы ишке айыпталып жатканы тактала элек. Аталган орган толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
20 миң доллар пара талап кылды деп милициянын подполковниги кармалды. Сүрөт