БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Нурсулуу Кожоназарова Россиянын Сириус федералдык аймагында өтүп жаткан Жаштардын дүйнөлүк фестивалындагы эмоциялары менен бөлүштү.
"Жаңы тажрыйба жана билим алуу үчүн келдим", — деди ал.
Иш-чаранын масштабы таң калтырды деген Кожоназарова бул жерден жаңы адамдар менен достошконун айтып берди. Ал Түштүк Африка Республикасы жана Кытайдан келген жаш активисттер менен таанышып, Кыргызстан жөнүндө айтып берген.
Кожоназарова Кыргызстандын жаштары ушундай эл аралык ири иш-чараларга көбүрөөк катышса деген тилегин айтты.
1-мартта башталган фестивалга 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият жана башка тармактардан барышкан. Кыргызстандан 200дөй адам кеткен. Иш-чара маанилүү маселелерди талкуулоо аянтчасына айланмакчы. Фестивалдын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт.