Канализациядан куртка чыгып... "Бишкек суу каналдын" эскертүүсү

Канализация боюнча маселе жаралса "Бишкек суу каналдын" 1533 кыска номерине кайрылса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы бишкектиктерге канализацияны колдонуу эрежелерин сактоо өтүнүчү менен кайрылды.
Маалыматта Ленин районундагы канализациялык коллектор толуп, саркынды суу ташкындаганы айтылат. Тазалоого келген башкармалыктын кызматкерлери түтүккө кадимки эле кышкы куртка тыгылып калганын көрүшкөн.
"Жаздын келиши менен түтүктөр толо баштады. Мындан улам канализацияга курулуш материалдарын, памперс жана башка акыр-чикирди төкпөгүлө!" — деп өтүндү башкармалык.
Канализация боюнча маселе жаралса "Бишкек суу каналдын" 1533 кыска номерине кайрылса болот.
Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт. Убактысы