Радио

Малаев: өлкө экспортунун 90%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Назарбек Малаев ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн айтып берди.
Sputnik
Кыргызстандын экспортунун 90 пайыздан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгат. Бул тууралуу Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май, газ, буудай, өсүмдүк май, шекер, жер семирткич сыяктуу социалдык маанилүү товарлар келет.

"ЕАЭБ — 185 миллион адам, 93 миллиондук эмгек рыногун камтыган чоң мейкиндик. 2015-2022-жылдар аралыгындагы уюмдун ичиндеги өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 84,7 миллиард долларга жеткен. Ушул эле мезгилде Кыргызстандын уюмдагы өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 4,7 миллиард доллар болгон. Анын ичинен импорт 3,2 миллиард, экспорт 1,5 миллиард долларды түзгөн. Ушул убактагы Кыргызстандын ЕАЭБге экспорту 3,7 эсеге өскөн. Азыркы тапта өлкө экспортунун 90 пайыздан ашыгы (алтынды кошпогондо) ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. 2023-жылды ала турган болсок, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 4 миллиард 357 миллион доллар болду. Импорттун көлөмү 3 миллиард 126 миллион доллар, экспорт болсо 1 миллиард 231 миллион долларга жетти. Учурда Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 28,7 пайызы ЕАЭБге туура келүүдө. Негизинен айыл чарба, текстиль продукциялары ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылса, алардан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май, газ, буудай, өсүмдүк майы, шекер, жер семирткич сыяктуу социалдык маанилүү товарларды ташып келебиз. Мунун баары бажы алымдары жок келип, арзан киргизилет", — деди Малаев.

Ошондой эле ал уюмдун ичинде логистикалык, фитосанитардык тоскоолдуктар жоюлганын кошумчалады.