Бишкекте элдин капчыгын каккан шылуундардын курьери делген студент кармалды

ИИМ курьерлер кылмыштын оордугун баалабай жатышканын, алар кылмышкерлердин шериги катары жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Милиция телефон алдамчылыгына аралашкан кезектеги шектүүнү кармады. Курьер алданган жарандардан өзгөчө ири өлчөмдө акча алып кетип турган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Февраль айынын соңунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал түндө белгисиз адамдар телефон чалып "кызың жол кырсыгына кабылды" деп алдап, 12000 долларын жана 250 миң сомун алып коюшканын билдирген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Жабырлануучулардан акча алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген 21 жаштагы Ш.уулу Т. аттуу курьер кармалды. Ал борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылыгына тиешеси бар экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү төмөнкү даректеги үйлөргө келип, алданган адамдардан акчаны алып кетип турган:
Токтогул көчөсү, $29 миң;
Чыгыш-5 кичи району, 265 миң сом, $300;
Жал кичи району, бирөөнөн $9 миң, экинчисинен 250 миң сом, $900 доллар, 1500 евро;
4-кичи район, 250 миң сом.
"Курьерлер кылмыштын оордугун баалабай жатышат. Алар кылмышкерлердин шериги катары жоопкерчиликке тартылат. Анткени алданган жарандар бардык аманаттарын аларга беришет. Далилдер толук топтолгон учурда курьерлердин аракеттери уюшкан топко катышуу катары бааланышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ курьерлердин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн белгиледи.
Акчаны курьерден алдырткан шылуундар көбөйүүдө. Милиция таксисттерге кайрылды