Байден Украина боюнча 10 жыл илгери киргизилген өзгөчө кырдаалды узартты

АКШдагы өзгөчө кырдаалды абалын америкалык президенттер дайыма жарлык менен улантып турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден өлкөгө Украина боюнча 2014-жылы киргизилген "өзгөчө кырдаал" тартибин узартты. Бул тууралуу анын Конгресске жиберген катында жазылганын РИА Новости билдирди.
"Украинадан улам 13660-аткаруу жарлыгы менен бекитилген улуттук өзгөчө кырдаал абалын улантуу зарылдыгын көрдүм",— деп айтылган Байдендин жарыяланган катында.
АКШдагы өзгөчө кырдаал 2014-жылдын 6-мартында киргизилип, аны америкалык президенттер дайыма улантып турушкан. Бул сапар да күчүн жоготууга бир күн калганда кезектеги жарлык менен узартылган.
"Украинадагы институттар менен демократиялык процесстерге зыян келтиргендердин, анын тынчтыгына, коопсуздугуна, туруктуулугуна, эркиндигине жана аймактык бүтүндүгүн жок кылууга кооптуулук жараткандардын саясаты менен кадамдары анын активдерин мыйзамсыз менчиктеп алууну шарттап жатат... Муну менен кошо эле Россия өкмөтү аракеттери, саясаты менен АКШнын тышкы саясатына, улуттук коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй коркунуч келтирүүсүн улантууда", — деп жазылган Байдендин катында.
Байден Израилге жардам берүүнү караган мыйзам долбооруна каршы болууда