Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100, ЕАЭБге 10 жыл. Коллекциялык тыйындар чыгат

Быйыл жалпы жонунан 3,5 миң тыйын чыгаруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жана ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгара турганын билдирди.
Буга чейин башкы банк жез-никелден жасалган монеталарды чыгарып келген, мисалы, былтыр Конституциянын 30 жылдыгына арналган серия чыккан.
Алдыда пландалган тираждарга төмөнкүдөй аталыш берилет:
"Евразия экономикалык биримдигине – 10 жыл" — 500 даана;
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" — 1000 даана;
"Ат чабыш" — 1000 даана.
Булардын баары күмүштөн жасалып, 10 сом номиналында болот.
Ошондой эле алтындан жасалган "Айкөл Манас" тыйындары 100 сом номиналында 1000 даана болуп чыгарылат.
Бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сомдуктун жаңы купюрасы жүгүртүүгө чыкты