БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө боюнча 217 мектептин 5-6-классынын окуучуларына онлайн-сабак өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров өлкө калкынын 40 пайызы 18 жашка чейинки балдар экенин айтып, өсүп келе жаткан муун үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин негизги милдети экенин белгиледи.
"Өкмөт Кембридж жана Оксфорд университеттеринин негизинде так илимдер боюнча окуу китептерин иштеп чыгууну пландаштырууда. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз европалык стандарттарга жооп берген мектептерди курабыз", — деди Жапаров.
Онлайн-сабакка 4 миңден ашуун окуучу катышты. Ал интернеттен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана коопсуздук эрежелери темасына арналды.