БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Шаршембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, Нарында -2...+3 градуска чейиин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +8...+10, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.