Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскерлер такыр эле жетишсиз. Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсү

Согушка алууга каршы митингдер байма-бай өтүп, ал эми кармашта жүргөн аскерлердин туугандары ротация кылууну талап кылып келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Украинанын Коргоо министрлигинин рекрутинг боюнча өкүлү Алексей Бежевец аталган мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамында мобилизацияга каршы чыккан окуялардан улам жоокерлер таптакыр жетишсиз болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости Washington Post басылмасына таянып жазды.
Согушка алууга каршы митингдер Украинада байма-бай өтүп, ал эми кармашта жүргөн аскерлердин туугандары ротация кылууну талап кылып келишет. Жогорку Раданын чуулгандуу мыйзам долбоорунан кийин мобилизация катуулап, ал нааразылык толкунун жаратты.
"Ок-дары, курал, снаряддар тартыш... Бизде жеке курамга жоокер жетпей жатат, бул трагедия", — деген Бежевец.
Министрликтин расмий өкүлүнүн айтымында, аскерге чакырыла турган курактагы (Украинадагы) жай жарандар "үйдө отурууга болбой калганын" түшүнүшү керек.
Жарыяланган көп видеолорго караганда, ал адамдар башкача пикирде: аскер комиссариаттарынан качып же согушка катыштыруу үчүн келген кишилер менен мушташып кетип жатышат. Анткен менен көптөрдү ур-токмок менен алып кетишүүдө.
Оппозициядагы украиналык саясатчы, "Другая Украина" кыймылынын төрагасы Виктор Медведчук РИА Новостиге берген маегинде Украинадагы мобилизацияны элге жасалган кылмыш деп мүнөздөгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагондун экс-кеңешчиси аялдарды согушка чакыруу жакшы эместигин айтты