Россиядагы Дүйнөлүк жаштар фестивалы. Кыргызстандыктар сезимдери менен бөлүштү

Эдил аттуу өспүрүм мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Россияга ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россиянын Сириус федералдык аймагында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы кандай таасир калтырганын айтып, сезимдери менен бөлүштү.
Роман аттуу бала бардык ирмем жагып жатканын айтып, фестиваль ырахат тартуулаганын белгилеген. Ал эми Эдил аттуу өспүрүм иш-чарада ар улуттун өкүлдөрү менен баарлашып, алардын маданияты менен таанышып жатканын айткан. Ал мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Россияга ыраазычылык билдирген.
Фестивалга 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият жана башка тармактардан барышкан. Кыргызстандан 200дөй адам кеткен. Иш-чара маанилүү маселелерди талкуулоо аянтчасына айланмакчы. Фестивалдын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт.
Маданият министрлиги Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын маанилүүлүгүн белгиледи